У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


4 миллион сомдон ашык каражатка Бишкекке 8 светофор орнотуу үчүн тендер жарыяланды


Бишкек мэриясына караштуу Шаардык транспорт башкармалыгы сегиз жерге светофор орнотуу үчүн тендер жарыялады.
Муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришкендей, жаңы жол чырактарга 4 миллион 874 миң 765 сом каралган. Тендердин жеңүүчүсү 28-сентябрда аныкталат.
Светофорлор коюла турган кесилиштер:
  • Профсоюз менен Мессарошанын кесилиши;
  • Профсоюз менен Кайназарова;
  • Дэн Сяопин менен Кустанай;
  • Алтымышев менен Асаналиев;
  • Токтогул менен Гоголь;
  • Токтогул менен Шопоков;
  • Жукеев-Пудовкин менен Саманчин;
  • Юнусалиев көчөсүндөгү жөө адамдар өтө турган чийинге орнотулат ("Мега ситинин" маңдайы).
Светофорлор орнотула турган жол кесилиштери комиссия аркылуу тандалды. Мында шаардыктардын дагы ою эске алынган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter