У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Салянованын соту уланууда. Ал Батукаевдин иши боюнча айыпталууда


Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн, 26-февралда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын ишин кароо уланды. Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу  айыпталууда. Учурда сотто материалдарды изилдөө жүрүп жатат. Кийинки отурум 4-мартта уланмай болду.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып 16 жыл сегиз айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter