У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн сотто Салянованын Баткуаевге байланыштуу иши каралат


Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу бүгүн, 11-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши каралат.

Анда башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова суракка алынары күтүлүүдө. Бул тууралуу Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова төмөндөгүлөрдү билдирди:

Айтымында, ал мурунку баш прокурордун орун басарын сотко мажбурлап алып келүү боюнча өтүнүч келтирген. “Менин Усманованы алып келүү өтүнүчүмдү судья колдоду. Ал буга чейинки да отурумдарга катышпай келген, бул чоң мыйзам бузуу болуп эсептелинет. Ал отурумга келсе, аны суракка алабыз. Анын берген көрсөтмөсү маанилүү”, - деди жактоочу.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter