У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди


 
Мурунку президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу анын жакындары маалымат каражаттарына билдиришти. 
 
Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков Меккеге 2-февралда кичи ажылык - Умра парзын аткаруу үчүн жубайы менен кеткен. Ал Бишкекке 10 күндөн кийин келет деп маалымдалган. 
 
Буга чейин Сооронбай Жээнбеков экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна чакырылганы белгилүү болгон. Мындан тышкары, Октябрь окуясынын катышуучулары Жээнбековду ИИМге жана УКМКга кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабын коюшкан. Алар экс-президенттин 5-октябрдагы митингди күч менен таркатуу боюнча буйрук берүүгө айыпташууда.   


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter