Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн жазылган арыз УКМКга жана ИИМге жөнөтүлдү
- 02.02.2021, 10:23,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн түшкөн арыз Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.Маалыматка ылайык, тиешелүү арыз аталган мекемелерге кечээ, 1-февралда жөнөтүлгөн. Буга чейин октябрь айындагы окуяларда жаракат алгандар митингге чыгып, Башкы прокуратурага Жээнбековго митингчилерди күч менен таркатуу боюнча укук коргоо органдарына буйрук бергендиги үчүн жана экс-президент макамынан ажыратуу боюнча чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазышкан.
Пикир калтыруу
- Бүгүн
- Көп окулгандар
- Талкуу
Соц.Тармак