У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бабаев: Жээнбеков Зилалиевдин иши боюнча сотко барууга милдетүү эмес


 
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко барууга милдетүү эмес. Бул тууралуу журналисттерге мурунку мамлекет башчынын жактоочусу Жыргалбек Бабаев билдирди.
 
Анын айтымында, Жээнбеков көрсөтмө берүүгө келбейт, анткени анын бул ишке тиешеси жок. 
 
«Бул ишке экс-президенттин тиешеси жок. Ал фигурант да эмес, күбө да эмес. Ошондуктан сотко барууга да милдеттүү эмес»- дейт жактоочу. 
 
Ошондой эле ал: «Зилалиев бул банктын кызматынан 2011-жылдан бери пайдаланып келген. Кутучаны 2016-жылы июлда бир жылга ачкан. 2017-жылы июлда мөөнөтү аяктап, аны улантуу же жабуу керек болгон. Эгер кардар өзүнүн буюмуна келбесе, банк кутучаны жабат. Банк комиссия түзүп, кутучаны ачкан, ал видеого тартылган. Эки жумадан кийин Зилалиев ошол жерде сакталып турган акчаны алып кеткен»-,деп билдирди. 
 
Анын айтымында, Дүйшөнбек Зилалиев бийлик алмашканына байланыштуу кутучадагы акчаны Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө жумашала турган акча болгон деген шылтоо менен бул ишке саясий боёк берүүнү көздөп жатат.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter