У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШК Текебаевдин мандаты боюнча Жогорку Сотко кайрылды


Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу аракети менен Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Сотко кайрылды. Бул тууралуу комиссиянын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, БШК Жогорку Сотко кайрылганына бир жума болуп калды. "Эгерде Жогорку Сот биринчи, экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырса Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылат", - деди ал.

Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылган. 23-ноябрда административдик сот Текебаевдин мандатын кайтарып берүү боюнча БШКнын токтомун жокко чыгарган. Бишкек шаардык соту административдик соттун чечимин күчүндө калтырган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter