У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Текебаев: «Садыр Жапаров экөөбүздүн статусубуз оп-окшош»

 
Кечээ жарандык активист Темирлан Ормуков, Өмүрбек Текебаевге мандат берүү боюнча Боршайкомдун чечимин жокко чыгарууну талап кылып, Бишкек шаардык админстративдик сотуна кайрылып, жеңип алганын жар салган.
 
«Эми Текебаев депутат эмес, анын чыгарган мыйзамдары дагы күчүн жоготот»,- деп жазган эле Ормуков.
 
Бүгүн бул тууралуу Өмүрбек Текебаев үн катып, Садыр Жапаров экөөбүздүн жагдайыбыз дагы, статусубуз дагы окшош деди. Себеби экөөнүн тең иши кайра кароого жөнөтүлгөн экен.
 
«Борбордук шайлоо комиссиясынын менин мандатымдан ажыратуу чечими, соттун өкүмүнө негизделген. Бирок ал өкүм күчүн бир жарым жыл мурда жоготкон. Мен ушул убакыттын ичинде мандатымды кайра талап кылбай, толук акталышымды күтүп жаткам. Садыр Жапаров Президенттин милдетин аткаруучу болгондон кийин гана мен мындай кадамга бардым»-деди Өмүрбек Текебаев.
 
Ошондой эле Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаровдун 7-каналга берген маегинен кийин, мени мандаттан ажыратуу саясий заказ болгонун ачык түшүндүм деди.

Булак: process.kg


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter