У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШК 4-октябрдагы шайлоого катышкан партиялардын акчасын кайтарабы? Расмий жооп


Борбордук шайлоо комиссиясы  2020-жылдын 4-октябрдагы шайлоого катышкан партиялардын күрөө акчасын Жогорку Кеңеш чечим чыгарган учурда гана кайтарып бере алат. Бул тууралуу  Борбордук шайлоо комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта каражат атайын эсепте турат.

Эл өкүлдөрү БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган учурда акчаны кайтарып берүү керек деген мыйзамды кабыл алышкан болсо, биз аны кайтарып бергенге негиз болот. Мен тараптар эмнени талап кылып жаткандыгын билем жана алардын нааразычылыгын түшүнөм. Бул тууралуу мыйзам Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Мыйзамга кол коюлуп, ал күчүнө кирген болсо, анда суммаларды кайтарууга бизде конкреттүү негиз болот. Себеби буга чейинки мыйзамда шайлоочулардын 5 пайыз добушун алган саясий партияларга күрөө акчасы кайтарылып берилет болчу. Баарыбызга белгилүү болгондой, бул жолку шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылды. Жыйынтык жокко чыгарылган учурда, баарына күрөө сумма кайтарылып берилет деген эреже жок болчу. Ошондуктан биз кайтарып бере албай жатканбыз", - деп түшүндүрдү Бекматов.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter