У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК: "Анаркуловга карата эч кандай чара көрүлгөн жок. Ал кармалган жок"


Ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен УКМК тарабынан кармалган Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркуловго эч кандай чара көрүлгөн жок. Бул тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Анаркуловга карата эч кандай чара көрүлгөн жок. Ал кармалган жок", - деди басма сөз кызматкери.

Ал эми укук коргоо органдарындагы өздүк булактар Анаркуловдун үй камагына чыгарылганын билдиришти.

"Анаркулов пара талап кылды деп арыз берген жабырлануучу өз көрсөтмөлөрүнөн баш тартууда. Буга байланыштуу ал азыр үй камагында. Бирок сотко чейинки өндүрүштүк иштери жүрүп жатат", - деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter