У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Масалиев мандатын тапшырса, ордуна Нургазы Айдаров келет…


Бүгүн, 21-майда парламенттин жыйынында "Өнүгүү-Прогрес" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев 25-майда мандатын тапшыра турганын жарыялады. 

Буга байланыштуу: "Мен 15 жыл депутат болуп, парламенттин дарегине мынчалык сын айтылганын уккан эмесмин. Буга парламент өзү күнөөлүү», - деп билдирди.

Парламент тараарына бир ай калганда, түштөн кийин актанып популисттик кылганы мактоого арзыбайт. Буга дейре уктап отурду беле?..

Айткандай, мандатын тапшыра турган болсо 25-майды күтпөй эле тапшыра бербейби? Сыягы, кийинки тизмеде турган Нургазы Айдаров менен соодалашып, «мандатымды тапшырам, депутат болосуӊбу же каалабайсыӊбы» дегендей бир нерсе үмүт кылып жаткандай…

Ошентип «Өнүгүү-Прогресс» партиясынан Масалиевдин ордуна Нургазы Айдаров мандат алганы турат. Анын бир тууган иниси Салайдин Айдаров учурда «Кыргызстан» партиясынан депутат. Бир тууган кайниси Бакыт Сыдыков «Республика» партиясынан депутат. Ошондо Жогорку Кеӊеште өзүнчө эле депутаттардын кланы өкүм сүрөт. 

Нургазы Айдаров менен Жалил Атамбаев 2017-жылы президенттик шайлоо алдында Ташкентке «кримтөбөл» деген Салимбай байбачага (Абдувалиев) барышып Сооронбай Жээнбековду Салимбай байбача колдой турганын жар салышканы боюнча видео тасма тарап, коомчулукта кызуу талкуу жүргөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter