Эльвира Сурабалдиева: "USAID Кыргызстанга муздаткычтарды сатып бербейт, министр жаңылган"
- 22.01.2021, 13:34,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
USAID уюму Кыргызстанга вакцина сактай турган муздаткычтарды сатып бербейт. Бул тууралуу вице-премьер министр Эльвира Сурабалдиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы министрдин ойлонбой айткан сөзү үчүн кечирим сурайт. USAID муздаткычтар боюнча өз кызматын сунуштаган эмес. Саламаттыкты сактоо министри жаңылган", - деп жазды Сурабалдиева.
Белгилей кетсек, кечээ 21-январда
USAID уюму Кыргыз өлкөсүнө америкалык "Pfizer" вакцинасын сактоо үчүн атайын муздаткычтарды бере тургандыгын Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айткан.