У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Калктын 80 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн акысыз өтөт

 
Өкмөт калктын 80 пайызын акысыз эмдөөдөн өткөрөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. 
 
Анын айтымында, Кыргызстан Pfizer вакцинасын Глобалдык Альянстын алкагында «COVAX» тутуму боюнча бекер алат.
 
“COVAXтын» алкагында биз 1 миллион 200 кишиге дозаларды алабыз. Бул бекер. Мындан тышкары, бюджеттен акча бөлүп, калктын 80 пайызына эмдөө жүргүзүүнү пландап жатабыз. Бирок азыр дүйнөдөгү бардык вакциналар үчүн кезек бар. Июнь айына чейин алардын бирин дагы ала албайбыз », - деди Эльвира Сурабалдиева.
 
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Россия Кыргызстанга 500 миң доза COVID-19 вакцинасын берүүнү пландап жаткандыгын билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter