У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавируска каршы Pfizer вакцинасын сыноого катышкан алты адам каза болду

 
АКШда Pfizer вакцинасын сыноого катышкан алты адам каза болду. Бул тууралуу АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек менен камсыз кылуу башкармалыгы билдирди.
 
Препаратты америкалык фармацевтикалык Pfizer компаниясы жана Германиянын BioNTech компаниясы биргелешип иштеп чыгышкан. АКШнын азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгын маалыматы боюнча, каза болгондордун экөө эмделген топто, төртөө плацебо тобунда болгон. 

Вакцина алгандардын ичинен, каза болгондордун бири вакцинаны алгандан кийин  үч күндөн кийин эле каза болуп калган. Ал атеросклероз жана ашыкча салмак менен жабыркап келген. Экинчи катышуучу вакцинанын экинчи дозасынан 63 күн өткөндөн кийин көз жумган. Анын жүрөгү токтоп калган.
 
Плацебо сайылгандардын бири инсульттан, экинчиси жүрөк оорусунан көз жумган. Дагы эки ыктыярчынын өлүмүнүн себептери аныктала элек. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter