У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмазбек Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековго жазган каты жарыяланды


 
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-президент Сооронбай Жээнбековго жазган каты жарыяланды. Катты Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев фейсбуктагы баракчасына жарыялады. 

Замир Жоошев


УБАКЫТ КОРОТУШТУН ЭМИ КАЖЕТИ ЖОК
Акыркы күндөрү "Атамбаев Сооронбайдан өч алууну эңсейт экен" деген маалыматтар эл арасында тарап жатат. Бул тууралуу гезиттен окуп билген Алмазбек Атамбаев, өз ойлорун төмөндөгү тексте билдирет:
"Кээ бирде көчөдө басып баратып байкабай бок-сак тепселеп аласың. Анан эптеп таманыңды жолго сүртүп алып, ары басып кетесиң. Мен үчүн "Соке дос" өмүр жолумда жолуккан ошондой бир ыплас нерсе. Ага убакыт коротуштун эми кажети жок. Өмүрдү жакшы нерселерге арнаш керек. Аны ансыз деле мезгил да, Кудай да жазалайт. "Соке дос" тарыхта саткынчылыкты, эки жүздүүлүктү, уурулукту норма кылган сасык бир саясатчы катары калат. Азыртадан эле эл арасында "Кудай Сокедей достон сактасын" деген сөз айтылып калды. Мындан жаман жаза ал үчүн да, урпактары үчүн да жок".
Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаев. 25.12.2020-ж.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter