Атамбаев ооруп калгандыктан сот процесси жылдырылды
- 09.12.2020, 15:51,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтчү Кой-Таш окуясы боюнча процесс Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин ооруп калганына байланыштуу 16-декабрга жылдырылды.
Бүгүн отурум башталар алдында айрым айыпталуучулардын адвокаттары жок экени маалым болду. Атамбаев болсо өзүнүн жактоочусу Сергей Слесарев аркылуу сот отурумун бир аптага жылдыруу өтүнүчүн келтирген. Мурдагы президент өтүнүчкө ден соолугуна байланышкан медициналык бүтүмдү тиркеген.