Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко алынып келди
- 11.11.2020, 12:17,
- Башкы / Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алынып келди.
Бул тууралуу Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Мурдагы президент кримтөбөл атыккан Азиз Батукаевди абактан бошоткон деген айып менен 11 жылга кесилген. Ал, мындан тышкары, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыптуу катары саналууда.