Жогорку Кеӊеш ноутбук сатып алууга 6 млн сом сарптай турганы айтылды
- 28.11.2020, 13:15,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Кеңеш жаңы ноутбуктарды сатып алууга 6 миллион 667 миң 825 сом сарптоону пландап жатат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, парламенттин иш башкармалыгы тендер жарыялаган. Жалпысынан 143 ноутбук, анын ичинен 135 конференц-зал үчүн 5 миллион 909 миң 625 сомго ноутбук сатып алуу пландалып жатканы белгиленди.
Мындан тышкары, парламент 12 LED-мониторду 71 миң 400 сомго сатып алат.
Сатылып алынган оргтехникалардын тизмесине 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер кирди. Жалпысынан аларды сатып алууга 2 миллион 893 миң 940 сом бөлүнгөн.
Булак: 7 канал