У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аралыктан окуу балдардын ден соолугун талкалап жатабы? Адистин жообу…

Казакстанда акыркы убактарда көрүүсү начарлаган балдардын саны өсүүдө. Мунун башкы себеби балдардын аралыктан окууда компьютер менен телефонду көп көрүүсү болууда. Бул тууралуу офтальмолог Жылдыз Искакбаева билдирди. 
 
Жылдыз Искакбаева балдардынын көрүүсү начарлап бара жатканына даттанган, өзгөчө башталгыч класстын балдары онлайн сабактан кийин бат чарчап, көз оорулары күчөп, баш оорулардын пайда болуп жатканын айткан, аралыктан окуу үчүн балдар компьютер менен телефондун алдында көпкө отурууга туура келип жатканын айткан ата-энелердин саны күн санап өсүп жатканын айтты.  
 
«Мектеп жашына чейинки балдарга компьютер жана телефонду үзгүлтүксүз 10-15 мүнөт гана көрүүгө болот. Башталгыч класстын окуучуларына 40-45 мүнөттөн ашык компьютердин жана телефондун алдында отурууга болбойт. Ал эми чоӊ класстарга 80-90 мүнөт компьютер жана телефон менен үзгүлтүксүз иштөөгө руксат берлиген»-деди ал. 
 
Ошондой эле ал акыркы убактарда ата-энелер гаджеттерди балдарга көп берип, балдардын көрүүсү начарлап, Казакстанда башталгыч класстарда алысты көрө албаган балдардын саны эки эсе өскөнүн, көз ооруларынын жана балдардын көрүүсүнүн начарлоосунун алдын алуу үчүн ата-энелер балдарга гаджеттерди аз көрсөтүү керектигин, аралыктан окутууда окуучуларды убак-убагы менен эс алдырып туруу зарылдыгын кошумчалады. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter