Тажик жарандарды Кыргызстандын жерин ээлеп, соода-сатык жүргүзүшүүдө- видео
- 16.11.2020, 13:31,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Тажикстандын жарандары Кыргызстандын аймагына кирип, кыргыз жерине ээлик кылып, соода -сатык иштерин жүргүзүп жаткан видео тарады. Видео «Ынтымак Медиа» каналына жарыяланды.
Видеону тартып жаткан жарандын айтканына караганда, тажик жарандары кыргыз чек арасына кирип, жерди ээлеп алышкан. Алар ал жерде соода-сатык иштерин жүргүзүп жатышат.
Аталган видеодо тажик жарандарынын «Бул биздин жер! Өлсөм да бербейм»,- деп кыйкырып жатканын угууга болот.
Бул окуя Лейлек районуну Бешкент айыл округунда болгон.