Сапар Исаковдун дайынсыз болуп жатканына бир айдан ашык убакыт өттү
- 16.11.2020, 12:02,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун дайынсыз болуп жатканына бир айдан ашык убакыт өттү. Ал 6-октябрга караган түнү митинг болгондо абактан чыккан. "Үй-бүлөлүк себептерден улам жети күнгө" деген жазуу менен бошотулган.
Сапар Исаков Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына 13-октябрда келиши керек болчу. Бирок анын бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болуп, изделип жатканын ЖАМКдан билдиришти.