У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Исаков абакка кайта элек. Жактоочусу: "Кайда экени, Франциядан башпаанек сураганы тууралуу маалыматым жок"


Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков абакка дагы деле кайтып келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Буга чейин Исаков убагында абакка кайтпаганы үчүн кылмыш иши козголгон. Ал эми анын адвокаты Замир Жоошев мурдагы өкмөт башчынын Франциядан башпаанек сураганы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Ошондой эле жактоочу учурда Сапар Исаков кайсы жакта экенин да билбейт экенин айтты.

Эске салсак, соцтармактарга "Исаков Франциядан башпаанек сурады" деген маалымат тараган. Ал 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү митингге чыккан адамдар тарабынан түзөтүү мекемесинен бошотулган. Жактоочулар Исаковдун кыска мөөнөттүү өргүүнүн негизинде үй камагына чыкканын билдиришкен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter