Сапар Исаков менен Албек Ибраимовго эл аралык издөө жарыяланды
- 27.10.2020, 15:02,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
Эске салсак, Сапар Исаков менен Албек Ибраимов 6-октябрь түнү митингчилер тарабынан абактан чыгарылган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы эки саясатчыга берилген өргүү 12-октябрда бүткөнүн, өз эрки менен абакка кайтып келишпесе, аларга «Жазадан качуу» беренеси менен кылмыш иши козголорун айткан.