У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жапаров: "Тышкы карыздан өзүбүздүн эле ресурс менен кутулуп койсок болот экен"



Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров тышкы карыздан кантип кутулуунун жолун айтты. Анын пикиринде Кыргызстан өз ресурстары менен эле карыздан кутула алат.

“Жолдору бар экен. Өзүбүздүн эле ресурс менен кутулуп койсок болот экен. Аны сүйлөшүүлөр жолу менен чечишибиз керек. Кайсы жерден кантип кутулсак болорун алдын ала болжоп койдук. Жолдор бар экен, мисалы, Кытайдын карызынан... Калган карыздардан деле өзүбүздүн ресурстарды колдонсок болот экен. Жаратылыш ресурстарын” дейт ал. 

Кыргызстан тышкы карызынын быйыл төлөнүүчү төрт миллиард сомдон ашуун каражатынын төлөө мөөнөтүн узартууну суранып жатканын жакында Финансы министрлиги кабарлаган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter