У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чыңгыз Айдарбеков: "Ушундай оор шартта жеке PR-акция уюштургандар элибизге зыян тийгизиши мүмкүн"


Тышкы иштер министри (ТИМ) Чыңгыз Айдарбеков 12-майда онлайн брифингде сүйлөп жатып чет мамлекетте жардам сурап кайрылган жарандарды алып келүү иши күнү-түнү уланып жатканын айтып, айрымдар «кырдаалды курчутууну улантып жатышканын» билдирди:

«ТИМдин иши азыр көп кыйынчылыктарга дуушар болууда. Ошондой болсо да күнү-түнү иштеп, бүт аракетибизди жасап жатабыз. Тилекке каршы, ушундай оор шартта да бул маселенин айланасында жалган маалымат, фейк-жарыя таратуу жана жеке PR-акция уюштуруу уланып жатат. Өлкөбүздүн ичинде да, сыртында да айрым адамдар, ар кандай өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын жана кыймылдардын өкүлдөрү кырдаалды курчутууну улантып жатышат. Алар эвакуациялоого өз кызматын сунуш кылуу менен жарандарыбызды адаштырууда. Алардын аракети биздин ишке зыян гана алып келет жана Кыргызстандын башка мамлекеттер менен эки тараптуу мамилелерине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ал өлкөлөр менен сүйлөшүү жүргүзүү, макулдашууга жетишүү абдан чоң күч-аракетибизди жумшоо аркылуу ишке ашып жатат. Жеке PRды көздөө элибизге зыян тийгизбеши керек» - дейт Айдарбеков.

Ошондой эле министр кыргызстандыктарга кайрылып, расмий маалыматты чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн гана алуу зарыл экенин эскертти.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter