Жогорку Сот: "Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовду актоо чечими күчүндө калды"
- 20.10.2020, 11:06,
- Саясат
- 1
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жогорку Сот Бишкек шаардык соту чыгарган чечимди өкмөт башчы
Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысы
Камчыбек Ташиевге, депутат
Талант Мамытовго карата чыгарган актоо чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жогорку Соттун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 16-октябрындагы токтому менен Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун жазык иштери боюнча өндүрүштү жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра жаңыртуу жөнүндөгү өтүнүчү жана Башкы прокуратурасынын корутундусу канааттандырылды.Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2013-жылдын 6-августундагы Камчыбык Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров жөнүндөгү токтому жана жеке аныктамалары жокко чыгарылып, ал эми жазык ишти кассациялык тартипте кароо туурасында токтом чыкты. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 16-октябрындагы токтому менен Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын 2013-жылдын 17-июнундагы Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров, Бекзатбек Исаев, Каныбек Камчыбеков жана Саирбек Кадырбаев жөнүндөгү өкүмү күчүндө калтырылды", - деп айтылат маалыматта.