Төрт саясий партия Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке сунуштады
- 09.10.2020, 12:25,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

«Республика», «Ата Мекен», «Бир Бол», «Реформа» партияларынын лидерлери өлкөдөгү акыркы кырдаалды жөнгө салуу боюнча «Акыркы үмүт» деп аталган меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу алар басма сөз жыйында билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган төрт партия өкмөт башчылыкка Өмүрбек Бабановду, биринчи вице-премьер министрликке Тилек Токтогазиевди сунушташты.
Бүгүн, ЖКнын депутаттары премьер-министрди шайлай турганы айтылууда.