У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дастан Жумабековдун чуулгандуу ишин БШКнын алдындагы ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык топ карайт


Кечээ, 15-сентябрда социалдык тармактарда партиядан депутаттыкка талапкер ЖК төрагасы Дастан Жумабековдун жаңы көз жарган келинге 50 миң сүйүнчү пул бергендиги кызуу талкуу жараткан. Анда Жумабеков тартипти бузду делип, маселени БШКнын жумушчу тобу карай турган болгон.

Аталган боюнча маселе БШКнын алдындагы ыкчам реакция жасоо боюнча координациялык тобуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынын жетекчиси Руслан Изреков билдирди.
"Бул координациялык топ укук коргоо органдарынын компетенциясындагыдай иш алып барат. Алар Жумабековдун ишин эртең карайт. Бул боюнча атайын брифинг өткөрүлөт. Ошондо жыйынтыгы билинет" , - дейт ал.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter