У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дастан Жумабековдун кызматтык ишмердүүлүгүн текшерүү демилгеленди…


Кечээ Жогорку Кеңеште шайлоо босогосун 7 пайызга төмөндөтүүгө байланыштуу мыйзам долбоору депутаттарды кызыл чеке кылды. Натыйжада, төрага Дастан Жумабековдун кызматтык ишмердүүлүгүн текшерүү демилгеси көтөрүлдү.

Депутат Жанар Акаев: “Буга чейин катасы толтура кат жазып, парламенттин уят кылган кишини аппарат башчысы кылып койдуңуз. Ошого азыр жооп бериңиз. Акыркы эки жылдын ичинде төраганын фонду тарабынан бөлүнгөн акчаларды, ошондой эле фонддун эсебинен жасалган сааттар, грамоталар кимдерге берилди? Эмгеги сиңгенби, сиңген эмеспи — ошонун баарын текшерип, саясий баа беришибиз керек. Биз дагы жүзүбүз жарык кетели”, - деп Жумабековдун ишмердигин иликтеген комиссия түзүлүшү керектигин билдирди.

Эми депутаттар Жанар Акаевдин сунушун колдоп төраганын кызматтык ишмердүүлүгүн текшеришкенге эрктери жетеби, же төө кушчасынан баштарын кумга тыгып, ошол бойдон тарап кетишеби жакынкы айларда билинет…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter