2018-жылдан бери 100 миңге жакын ата-эне балага сүйүнчү алган эмес
- 05.09.2020, 10:41,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Статистикалык маалыматтарга ылайык, "Балага сүйүнчү" долбоору ишке киргизилгенден баштап 90 617 ата-эне наристеси үчүн каралган каражатты алган эмес. Министрликтин айтымында, буга ата-энелердин арыз жазбаганы себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева билдирди.
"Балалуу болгон ата-энелер алты ай ичинде сүйүнчү төлөмүн алуу боюнча калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органына (ЗАГС) арыз менен кайрылуусу кажет. Ал үчүн ата-энесинин биринин паспорту жана ымыркайдын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү талап кылынат. Калкты тейлөө борборлоруна келип түшкөн арыздар бизге жиберилет. Биз кайрылгандардын бардыгына сүйүнчү акчасын кечиктирбей, аз убакыттын ичинде төлөп беребиз", — деди Кадыралиева.
Аталган долбоор ишке ашкандан бери 326 миң 671 балага акча берилген. 2018-жылдын башынан 2020-жылдын 1-сентябрына чейин "балага сүйүнчү" төлөмүнүн негизинде республикалык бюджеттен 1 миллиард 459 миллион 995 миң 350 сом акча каражаты каралган.
Электрондук саламаттык сактоо борборунун тастыктоосу боюнча, 2018-жылы өлкөдө 171 миң 149 бала төрөлсө, былтыр 173 миң 485 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Ал эми быйылкы жылдын алты айынын эсеби менен 72 миң 654 эне көз жарган.