У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Бүтүн Кыргызстан» партиясы соттон адилеттүү чечим күтүүдө

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы берген арызын карайт. Партиянын тарапташтары Бишкек административдик сотунун имаратынын алдына чогулушуп, сот адилеттүү чечим чыгарып, партияга шайлоого катышууга укук берүүнү талап кылышууда. 

«Биз соттун адилеттүү чечим чыгарышын күтүп жатабыз. Сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын пайдасына чечет деп ишенебиз. Бул чечим, кандай гана чечим чыкпасын тарыхый чечимдердин бири болот.  Эгер сот биздин партиянын пайдасына чечсе, адилеттүү чечим чыгарган болот. Бүгүн, сот бул ишке чекит коюп, «Бүтүн Кыргызстан» партиясын үгүт иштерин баштоого уруксат берет деп үмүт кылып турабыз»-деди партиянын талапкери Зиядин Жамалдинов.  
 
 Эске салсак, 7-сентябрдагы отурумда БШКнын өкүлдөрү партия талап кылган көрсөтмөлөрдү бере албагандыктан отурум жылдырылган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter