У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Адвокат: "Азимжан Аскаров түрмөнүн айынан өлдү. 70 жаштагы адамды бошотуп койсо болот эле да."


Өмүр бою эркинен ажыратылып, абакта отурган жеринен каза болгон Азимжан Аскаровдун адвокаты Валерьян Вахитов Аcкаров акыркы күндөрү катуу ооруп жатканын билдирди.

Ал 22-июлда абакка барып, Аскаровду тезинен медициналык кароодон өткөрүүнү талап кылганын айтты:

“22-июлда мен №19 абакка келип, айнек аркылуу телефондон сүйлөшкөн элем. Ошондо жөтөлүп, сүйлөшө албай жаткан. Өңү сапсары эле. Мен ошол жерден дароо түрмөнүн жетекчисинин орун басарына “мындай болбойт, тезинен консилиум кылып, медициналык кароодон өткөрүңүз” деп арыз жазгам. Ал эмнеден каза болушу мүмкүн? Албетте, түрмөнүн айынан өлдү. Гуманитардык жагын карап 70 жаштагы адамды бошотуп койсо болот эле да. Үйүндө өтүп кетсе бир жөн эле. Чыгарып коюшканда эң көп жашаса дагы жарым же бир жыл жашамак. Ага да макул болушкан жок да. Мен биздин чоңдорго түшүнбөй жатам", - деди Вахитов.
Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров 25-июлда каза болду.
Бул тууралуу маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы да ырастады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter