Өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров каза болду
- 25.07.2020, 13:57,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
2010-жылдагы июнь коогалаӊына айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болду. Бул тууралуу акыйкатчы институтунан билдирди.
Укук коргоочу №47 абактагы ооруканада көз жумду. Азырынча Азимжан Аскаровдун эмнеден улам каза болгону тууралуу так маалымат жок.
Азимжан Аскаровдун ооруп жатканын буга чейин да адвокаты айтып келген. Андан акыркы убакта пневмониянын белгилери да байкалган.