У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Боронов ЕАЭБдин жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти


Премьер-министр Кубатбек Боронов Евразия экономикалык бирлигинин өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына (Беларусь Республикасы) учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйындын күн тартибинде соода, өнөр жай, экономика, финансы саясаты жана агрардык өнөр жай комплекси тармактарында өз ара иштешүү маселелери бар. Ошондой эле тараптардын ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү, бирликтин финансы рыногунун концепциясын иштеп чыгуу жана башка бир катар темаларды талкуулоосу пландалган.

Кеңештин алкагында өкмөт башчынын бир нече жолугушууларды өткөрүүсү күтүлүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter