У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутат: "ЕАЭБдин мүчөсү болгондон кийин товарлар тоскоолдуксуз өтүүсү керек эле"


Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев жылда Кыргыз-Казак чек арасында көйгөй жаралаарын айтып, "ЕАЭБдин мүчөсү болгондон кийин мындай тоскоолдуктар болбош керек", - деген оюн билдирди. 

"Чек ара ачылды деп аябай кубанып, жетишкендик катары айтып жатабыз. Жалпысынан жыл сайын ушул көйгөй болуп келет. Биз ЕАЭБдин мүчөсү болгондон кийин мындайга жол берилбеши керек. Биз ЕАЭБге мүчө болуп киргенде капиталдын эркин жүрүшү, товарлардын эркин өтүшү, жумушчулардын эркиндиги болуш керек. Өкмөт бул эркиндиктерди камсыз кылышы шарт. Эң керектүү мезгилде казак тарап чек араны жаап жатат", - дейт Карашев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter