У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз өкмөтү Иран, Орусия, Индия, Кытай Пакистандан дары-дармектерди сатып алат

Коронавирус илдетин жана пневмония оорусун дарылоого зарыл болгон дары-дармектерди сатып алуу үчүн өкмөт эӊ жакынкы күндөрү Иранга чартердик каттамды уюштурат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
 
«Бизде азыр эӊ көйгөйлүү болгон эки маселе бар; коронавирус инфекциясын жана пневмонияны дарылоого керектүү болгон дары-дармектердин жана бейтаптарды дарылай турган медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги. Биз бул көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Бир-эки күндүн ичинде өлкөдө тартыш болуп жаткан дары-дармектердин ири партиясы Ирандан алынып келинет. Мындан сырткары Кытайдан, Пакистандан, Индиядан, Орусиядан коронавируска каршы дарыларды сатып алабыз. Бул дарылардын баары жакынкы күндөрү өлкөгө алынып келинет»,-деди Боронов. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter