У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Узакка созулган жер талаш...Индия менен Кытайдын чек ара жаңжалы кайрадан күч алууда


Эчактан берки чек арадагы жаңжал азыркыга чейин уланып келет. Акыркы күндөрү абал курчуп кеткендиктен Индия армиясы Кытай менен чек арасында күчөтүлгөн режимде иштей турганын жарыялады. Индия куралдуу күчтөрүндөгү булактар маалымдагандай, аскерлердин жумуштан бошонушуна тыюу салынды.

Эки элдин талашы Бээжинди 38 000 чарчы километр жер. Ал жерди кытай тарап мурда эле басып алган. Бул жерди индиялыктар өздөрүнө кайтаруу үчүн көп аракет кылышкан бирок майнап чыга элек. Бул талаштын айынан 1962-жылы согуш чыгып, Индия жеңилип калган. Үстүбүздөгу жылдын 15-июнунда аталган жерди талашып, эки тараптын аскерлери тарабынан ок атышуу болгон. Натыйжада Индия тараптын 20дай аскер набыт болгон. 

Кытай бул окуя үчүн Индия аскерлерин айыптап, Делиге каршылык нота жөнөттү. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги индиялык аскерлер дүйшөмбүдө “эки ирет чек ара сызыгынан өтүшкөнүн, чагымчылдыкка барып, кытайлык жоокерлерге чабуул коюшканын, натыйжада ортодо кагылышуу болгонун” билдирди.

Шаршембиде эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери телефондон сүйлөшүп, чек арадагы чыңалууну тезинен жайгарууну макулдашты.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter