У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Премьер-министрликке альтернативдүү талапкер катары Эльдар Абакиров дагы сунушталды...

 
Абакировдун талапкерлигин сунуштап жаткан "Ата Мекен" партиясы: «Азыр бизди Бороновдун убактылуу премьер-министр экендигине ишендирип жатышат. Бирок, жашоону «бир азга» токтотууга болбойт жана бир нече айдан кийин Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин түзүлгөн министрлер кабинети келгиче күтө турганга мүмкүн эмес. Биз коалицияны жана анын айрым мүчөлөрүн Эльдар Абакировду колдоого чакырабыз, анын кризисти жеңүү үчүн жана пандемиядан келип чыккан шоктон кийин Кыргызстандын экономикасын “жүргүзүү” үчүн өзүнүн программасы бар», — деп белгиледи.
 
Эльдар Абакиров үч жыл экономика министринин орун басары болуп иштеген.
 
Эске сала кетсек, Мухамметкалый Абылгазиев өкмөт башчылык кызматтан 16-июнда кетти. Ал мындай чечимди кабыл алууга өзүнүн дарегине карата айтылган айыптоолор, тагыраагы жыштык чуусу себеп болгонун билдирди. 

Арийне, радиожыштык сатуудагы коррупция фактысын, ага мурдагы премьер-министр Абылгазиевдин катышытыгы тууралуу маселени депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңеште көтөрүп чыккан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter