У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жанар Акаев: «Абылгазиев жыштык сатуудагы коррупцияга аралашпаганын далилдесин»


Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин козгоду. Мындан мурда Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупция үчүн шектүү катары камалган болчу.

Өз сөзүндө эл өкүлү: «Ала ТВнын» жыштыгы телевизиондук кабелге гана ыңгайлашкан. Бирок ошол жыштык «Билайн» мобилдик операторуна 1 млн 800 миң долларга сатылды. Мындагы коррупциялык иштерден казынага бери дегенде 5 млрд сом түшпөй калды. Бул премьер-министрдин уруксаты жок болбойт. Укук коргоо органдары тез арада буга премьер-министрдин катышы барбы же жокпу, иликтеши керек. «Билайн» компаниясынын башчысынын оң колу премьерге жолуккан деген маалыматтар бар. «Билайн» биздин Мамлекеттик байланыш агенттиги аркылуу ошол ТВга деп багытталган 200 мГц жыштыкты мобилдик операторго интернетке тууралап, кайра каттоо жасады. Бул жерде чоң маселе болуп жатат. Буга чейин Темир Сариев премьер болуп турганда 15 мГц жыштык 1,5 млрд сомго же 25 млн долларга сатылган. Азыркы премьердин тушунда 200 мГц бекер кетип жатат», - деп күйүп-бышты. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter