У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Кыргыз темир жолдун» мурдагы башчысы Абдыкеримов камакка алынды…


«Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурунку директор Канатбек Абдыкеримовдун камакка алынды. Буга чейин аталган ишкананы төрт кызматкери кармалган болчу. Аларга коррупциялык схемага түзүшкөн деп айыпталышууда. 

Атайын кызмат мамлекеттик сатып алууда баалар атайылап жогорулатылып, бөлүнгөн акчанын 15% ишкананын мурдагы жетекчилигине түшүп турган деп шек саноодо. Маалыматта 2018-жылдын ноябрь айынан 2020-жылдын апрель айына чейин «кара касса» аркылуу айына 8-9 миллион сом алынып турганы айтылат. 

Бул каражат директордун көзөмөлүндө болуп, сол чөнтөккө кеткен акчалар Өкмөттүн жогорку жетекчисине чейин «жетип» турганы кеп болууда.  Буга дейре жыштык сатуудагы чырда кулагы чыккан премьер-министр Абылгазиевдин бул кылмыштуу схемадан дагы төбөсү көрүнө турган болуп калды. 

Канатбек Абдыкеримов быйыл апрель айында кызматтан алынып, ордуна Василий Дашков дайындалган болчу. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter