У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан мынчалык мүӊкүрөгөн абалга жеткен эмес…


Быйыл Кыргызстандын экономикасы - 4%ге чейин төмөндөй турганы күтүлүүдө. Бюджет жыл аягына дейре дээрлик 30дан 40 миллиард сомго чейин жоготууга учурай турганын экономисттер белгилешүүдө. Ошондо 2020-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 163 млрд. сом деп эсептелсе, жоготуу 3/1 болуп жатат. Бул өтө кооптуу.

Мына жыл жаӊыргандан бери 3 айдын көрөткүчү боюнча инфляция 2,7%тен 3,5%ге жетүүдө. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчысы Мухамметкалый Абылгазиев баш болуп, Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева төш болуп, сырттан карыз сурап, жыйырмага жакын эл аралык финансы уюмдарына кайрылышты. Мамлекеттин карызы өсүүдө. «Тилемчилик» кылып суралып жаткан каржынын өлчөмү миллиард долларга жетет. Бул сумма Кыргызстандын бюджетинин киреше бөлүгүнүн тең жарымын түзөт. Бюджеттин теӊ жарымын карыз сурап толтуруу деген мүӊкүрөгөн абалга жеткен көрүнүш буга дейре болгон эмес.  

Мындан улам, учурда айрым саясатчылар карыз сурап бюджетти жаап, ичип-жеп алган тайкы саясат экенин белгилешип, мээни иштетип, кырдаалдан чыгуунун башка жолдорун кароо зарылдыгын билдирип жатышат. 

Тилекке каршы, биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: «Айрым маалымдоо каражаттары биздин өлкө колун сунуп эле карыз сурап жүрөт деп жазышууда. Коронавирус 200дөн ашуун өлкөгө жайылды, азыр өлкөбүз эл аралык каржы институттарынын көмөгүнө муктаж. Мисалы, 80 өлкө ЭВФ илгиртпей карыз алууга жетишти. Ошондуктан биз деле дүйнөлүк жамааттын мүчөсү катары ошондой каржылык колдоо суроого акылуубуз», - деп кайра догун артып, бюджетти толтурууга карыз алып жатышканын эӊ оптималдуу вариант катары сыймыктануу менен айтууда.

Какаганга муштаган болуп, быйыл жыл сайын мигранттардан келчү 2 миллиард доллардан ашык каражаттын суммасы дээрлик эки эсеге чейин кыскара турган болууда. Бул дагы ички дүӊ өндүрүмгө урулган оор сокку.

Дагы бир өкүнүчтүү жагдай, Кыргызстан тыштан карыз сурап карайлап турганда, өлкөдөн чыккан капиталдын көлөмү артты. 2020-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандан сыртка 74,9 миллион доллар которулуп кеткен. Бул банктар аркылуу которулган инвесторлордун каражаты. Транзитке тиешеси жок. Бул сумма 2005-жылдан берки рекорддук көрсөткүч. Ал эми жылдык көрсөткүчтү алсак, 2018-2019-жылдары Кыргызстандан 1 миллиард доллардан ашык каражат банк аркылуу сыртка чыккан. Ошондо жылына 500 миллион доллардан ашык каражат чыгып турган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter