У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тотоновдор тоготпогон Коронавирус Токтогул элин дүрбөлөӊгө салуудабы?


Жогорку Кеӊештин Нурбек Тотонов деген депутаты бар. Мына ушул депутаттын ээн баш инисинин кесепетинен бүтүндөй бир райондун эли коронавирус деген кооптуу абалга кептелүүдө.

Тагыраагы, депутат Тотонов Нурбектин бир тууган иниси Тотонов Айбек ушул жылдын 17-май күнү Россиядан келген. Ал Кыргызстанга жүк ташуучу унаа менен Казакстандын чек арасы аркылуу Талас тараптан өткөн. Бирок, кирип жатканда андан алынган анализдин жыйынтыгында С0VID-19 илдети бардыгына ошол эле жерден шек туулган. Таӊ калыштуу канчалаган адамдар өлкө ичинде бир аймактан бир аймакка катташ кыйын болуп жатканда бул Айбек Тотонов деген эргул беймарал гана чек арадан өтүп, андан да С0VID-19 илдети бар экенин билип туруп, жер суунун баарын кыдырган экен.

Талас аркылуу Токтогулга өтүп, жөн өтпөй Токтогулдагы постко карандай калп айтып, өзү түшүп бара жаткан автоунаанын айдоочусунун “сменщигимин” деп, эптеп өтүү амалын тапкан. Токтогулга келген соӊ үйүнө тынч барбай, беймарал гана досторуна жолугуп, район борборунан 50 чакырым алысча айылына дейре машинеге ар кимди салып алып, жүрүп олтурган. Айлына барган соӊ, куран окутууга да барып ийген. Кудайга шүгүр, Таластагы чек арадан анализ жыйынтыгын Аладдинче көз будамайлоо менен “алмаштырып”, өтүп кеткен Айбек Тотоновдун артынан анык анализи республикалык борбордон чыгып барып, азыр Жалал-Абаддагы обсерваторияга жаткырылыптыр.

Өзүмчүл бир шылуундун айынан килтейген район эли жабыр тартууда. Инисинин илдетке чалдыкканын билсе да, “элге чыгып кетсе уят болот” деп жашырып койгусу келген депутат агасы элдин убалын ойлоду бекен? Деги качан мандатына манчыркагандардын жек жааттары ушул өӊдүү ит кылыктарын токтотушат?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter