У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жанар Акаев: «Кечээ Атамбаевдин этегине намаз окугандар, бүгүн Жээнбековдун этегине намаз окуп жатышат»


Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 14-майда 9 пайыздык шайлоо босогосун жети пайызга түшүрүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда депутаттардын эки жүздүүлүгүн сынга алды. 

Эл өкүлү: «Мирлан Жээнчороевди «тогуз пайыздык босого тууралуу мыйзам долбоорунун авторусуң» деп айыптаганыңар туура эмес. Жалгыз ал сунуш кылып эле, калганың каршы чыктыңар беле? Кечээ эле өткөнкү президенттин этегине намаз окуп жүргөндөр, бүгүн эми Жээнбековдун этегине намаз окуп жүрөсүңөр. «Түндүк-түштүк альтернатива жолуна Атамбаевдин атын берели» деп сунуш кылгандар азыр кайра аны тепкилеп атасыңар. Кырдаалга жараша позициясын өзгөртүп, кошоматчылыктан кошоматчылыкка күн көрүп жүргөндөр толтура, арабызда», - деп айтты…
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter