У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кошуңуз талант, кыргыз уулу тирүү турганда ырларыңыз, эмгегиңиз эч качан унутулбайт!

Кыргыздын белгилүү акындарынын бири, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, журналист Зйырбек Ажыматовдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Акын журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштап, «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс» гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. «Азаттык» радиосунда 2014-жылдан бери эмгектенип жаткан.

2019-жылы «Жүрөктөгү бороон» жаңы ырлар жыйнагын чыгарган. Ушул эле жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон.

Артында эки уул, эки кызы калды.

Зайырбек Ажыматов кыргыз маданияты дегенде ичкен ашын жерге таштай салып чуркаган журналисттердин бири болчу. Ал маданияттын бардык тармагындагы чыгаан адамдардын өнөр казынасына гана сүңгүп кирип тим болбостон, алардын социалдык абалына, турмуш-шартына чейин чагылдырып "маданият өкүлдөрү кыйналбаса, жакшы турмушта жашаса" деп жан үрөп жүрүп дүйнөдөн өттү. Кошуңуз талант, кыргыз уулу тирүү турганда элесиңиз, ырларыңыз, эгегиңиз эч качан унутулбайт. Бейишиңизди тилейбиз...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter