У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Асылбеков Элдияр: "Китепти сүйөм, китеп окуу боюнча сынактарда баш байгелерди багындырып келем"

Эл булбулу Элмирбек Иманалиев дүйнө салганы эскерип ыр жазбаган калемгер калбагандай. Мына ошондой орошон таланттардын арасында Элмирбек акындай эл уулу болсом деген изги тилеги бар жаш калемгерлер да ыр арнап жаткан учуру. Жаш таланттардын бири Элдияр Асылбеков менен маектештик.  Элдияр жаш болсо да аракетчил, мыкты окуйт, китеп окуу боюнча сынактарда баш байгелерди багындырып келет. 

- Элдияр, качантан бери ыр жазасың, акындарга качантан бери аралашып келесиң? 
- Ыр дүйнөсүнө 13-14 жашымдан баштап аралашып калгам. Чоң акындардын тобуна аралаша элекмин. Азырынча Максат Исакова баштаган "Тамчы" адабий бирикмесинин мүчөсүмүн. 

- Ийгилик, сыйлыктарыңды айтсаң...
- Ыр жазуу боюнча мектептерде өткөн сынактарда атайын грамоталар менен сыйланып калам. Негизги китеп окуу боюнча көп ийгиликтерге жетишип келем. Былтыркы жылы айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган "Мыкты окурман" конкурсунда уюлдук телефон утуп алгам. Жакында эле райондук деңгээлде өткөн Кылыч Исамамбетовдун "Феникс" китеби боюнча конкурста баш байге "компьютер" жеңип алгам.

- Элмибек байкеге ыр жазыпсың, байкени көрүп, учурашып калдыңбы?
- Жогоруда айтылгандай "Тамчы" адабий бирикмесинде Элмирбек агайга ырларды жазып калдык. Агайды теле аркылуу гана көргөм. Талантын, чыгармачылыгын баалачумун. Ырлары, устаттарынан калган кептерди, насыяттарын айтып бергени абдан жакчу. Агайга арнап ыр жазуума ошол себеп болду десем жаңылышпайм.

"Эми ким?"
(Элмирбек Иманалиевге арналат)
Таланты суудай ташкындап,
Туруучу ооздон ыры жаап,
Төгүлтүп айткан төкмөнү,
Эми ким сиздей айта алат?!

Сүйүүдөн алып чоң кубат,
Обонун салып,ыр курап,
Комузун алып,күүлөнтүп,
Сизчелик ырдап ким турат?!

Өмүрдөн өттү чоң талант,
Эстесек көздөн жаш тамат.
Эми ким,сиздей "манасты",
Кыраатын бузбай айта алат?!

Ойлору бийик сабалап,
Ак барак бетин сыялап,
Сизчелик жазып лирика,
Эми ким сиздей айта алат?!

Мезгилсиз келип шум ажал,
Көөдөнгө муңду таратат.
Жазылбай дагы көп ырлар,
Сиз менен кетип баратат.

Ак таңдай акын Элмирбек,
Эмгекти даңктап эл билет.
Күмөнсүз айта аламын,
"Атыңыз жашай берет",-деп.

Төкмөлөр төрү мелтиреп,
Ордуңуз сиздин ээнсиреп.
Жоктоп бир калаар комуз да,
Элмирбек кайда кетти деп?!

22.04.2020
0:25


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter