У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кошуңуз эл булбулу Элмирбек ага....


"Кош дегим келбейт, кош дегим, Козгобо, бөлөк жок кебим...", "Күн чыгат кайра-кайра, мен чыкпайм жашып барам...", "Мончоктой чачылгамын, сен мени жоготтуңбу?", "Кароосуз калган кайыктай, кайыр кош жаным мен кеттим..." деп акын биз менен эчак эле коштошуп койгондой...

Бүгүн, 22-апрелде эл булбулу, КР эл артисти, манасчы, төкмө, жазгыч акын, төгөрөгү төп келген талант ээси Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болууда. Элмирбек аганын эрте өмүрдөн кетиши элдин эсин эки кылып, ажалдын улук экенин дагы бир ирет тастыктагандай...Кыйчалыш кырдаалдан улам "чогулбагыла", "келбегиле" деген чакырыкка карабай, Элмирбектин эли акыны менен коштошууга агылып келишүүдө...


Кайран акын, кадырыңды эл билет... Бүгүн Сизди түбөлүктүү жайга узатып жаткан ар бир кыргыздын көмөкөйүнө ыза толуп, жашка жүзү жуулуп, кош дегенге оозу барбай турган учур...

Элмирбек ага! Сиз тирүүңүздө өзүңүзгө ырдан эстелик тургузуп кеткен биздин замандын залкарысыз. Ырларыңызда биз менен эчак эле коштошуп койгондойсуз...Жалпы кыргыз эли эми сизди булбулдай буулугуп эстейбиз...Күн чыкты кайра мына, сиз чыкпай жашып калдык Элмирбек ага! 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter