У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Арген Биймырза уулу: "Устатым акын болуудан мурун адам болгула дечү эле..."

Эл булбулу Элмирбек Иманалиевди өзү тарбиялаган шакирттеринин бири Арген Биймырза уулу эскерет.

"Кыргыз эли үчүн орду толгус оор жоготуу болуп турат. Жүрөгүбүз канап, сай сөөгүбүз сыздап турат. Ажалга айла жок экен колубуздан эч нерсе келбейт тура, көрсө жараткан жакшы көргөн адамын эрте алып кетет экен да аттиң арман...

Устатым бизди акын болом деп жаңыдан келген кезибизде "Акын болуудан мурун адам болгула дечү эле. Адамдык сапатыңар бийик болгондо гана акын боло аласыңар балдарым деп көп айтаар эле.  Устатымдын дайым оозунан түшүрбөй ала жүргөн сөзү "эл менен болгула, эл деп жашагыла, элдин ишеничи, тиреги силерсиңер, дайым таза болгула, абийир алдында ак жүргүлө, бирөөнүн ырыскысын уурдагандан алыс болгула" деп көп айтаар эле. 

Мен шакирт болуп келгени устатымдын жаман жагын көрө албадым. Себеби бир дагы адамга катуу айтпаган жан болчу.  Керек болсо курт-кумурскага дагы жамандыгы жок жан дүйнөсү булактай таза адам эле.  Кээде балалык кылып эркелеп койгонумда дагы катуу айтчу эмес эле, деги эле бизди урушуп, кыйкырганын уккан жокпуз. Устатымдын адамдык касиетин, улуулугун, акылмандыгын, адамга кылган мамилесин туу тутаар элем. Устатым, түбөлүк жүрөгүмдө жашайсыз, элесиңиз эч качан унутулбайт Устатым!"
дейт акындын шакирти.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter