У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атактуулардын төрөт маалын баяндап чыкканы элди ирээнжитүүдө...


Социалдык тармактарды жапатырмак колдоно баштагандан тартып ичкен-жеген, баскан-турганды мындай кой купуя, эч кимге айтылбай турган нерселерден бер жазып, коомчулуктун талкуусуна жем таштаганды жактыргандардын саны арбыды. Мисалы атактуу айымдардын төрөт учурун баяндап жазганы көпчүлүктү ирээнжитүүдө. Бирок сын-пикирлерге көнүл бурбоону адатка айлантып, хейтерлер сүйлөй берет деген принципти карманган атактуу жаш ырчы-чоорчулардын мындай кылыгы күн санап өсүүдө.

"Чынында төрөт аял заты үчүн эң оор, жоопкерчиликтүү, коркунучтуу жана коомдук талкууга алынбай турган, купуя сактай турган нерсе. Илгери апаларыбыз төрөгөнүн, анын кандай өткөнүн ийне-жибине чейин тааныбаган эле бирөөлөргө баяндамак түгүл боюнда бар экенин билгизбей көздөн-сөздөн наристесин коргоп, төрөөр төрөгөнчө кенен-чонон кийимдерди кийип жүрүшкөн. Азыркылар кош бойлуу экенин угаары менен курсагын, керек болсо түйүлдүктүн сүрөтүн чыгарып жатышат. Социалдык тармактарды колдонуу маданиятын да билбейбиз" деген нааразы пикирлерин айтууда нарк-насилди билген инсандар.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter