У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Назель, ырчы: "Атайын агымга каршы агайын деген эмесмин"


Элдин жоон тобунан суурулуу, башкаларга окшобогон образдар менен жүрүү билгенге чоң эрдик. Чыгармачылыкта өзгөчө образдары, ырлары менен айырмалангандардын катарында ырчы Назель да бар. Ырчы менен маектештик.

- Назель, агымга каршы агып, өзгө образдар менен, өзгөчө чыгармаларды аткарууңузга эмне себеп болгон?
-Атайын агымга каршы агайын деген эмесмин. Менин жазап жаткан иштерим, чыгармачылыгым агымды бойлоп эле бара жатат деп эсептейм.


- "Кудалар" аттуу ырыңызга "Дем" театр студиясынын номерин коюптурсуз. Сунушуңузга дароо эле макул болуштубу?
- "Дем" театры дароо макулдугун беришти. Ал үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. "Кудалар" номери көп жылдан бери ойнолуп келе жатат, режиссурасы мыкты, элге аябай сиңген. Командабыз менен чогуу кандай клип тартсак деп ойлонуп отуруп ушул номерди тандап алдык. Оюбуз ишке ашты деп ойлойм, анткени номердин мазмуну учурдун актуалдуу темасы.


- Сындагандар көппү же тескерисинчеби?
- Мурда жаңы чыгып келе жатканда сындагандар көп болчу. Азыр тескерисинче колдоп, чыгармачылыгыма жакшы ой-пикирлерин айткандар көбөйүүдө.

Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter