У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Акыркы көч" тасмасы Гонконгдо өтө турган фестивалга катышат


Кыргыз режиссёрлору Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Акыркы көч” тасмасы "Asia Film Art" эл аралык фестивалына катышат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, аталган фестиваль 24-июндан 27-июнга чейин Гонконгдо орун алат.

Фестивалда Кыргыз өлкөсүнүн, Япониянын, Вьетнамдын, Кытайдын жана Индиянын режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлөт.
"Asia Film Art" (AFAIFF) эл аралык кино фестивалы дүйнөнүн булуң-бурчундагы жаңылык киргизген режиссёр, сүрөтчүлөрдүн эмгектерине сынак уюштуруп келет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter